Бала бакча №43 Мектепке чейинки билим берүү уюму №43

Биз жөнүндө

Биз жөнүндө Биздин бала бакча Ленин районуна караштуу Ала-Тоо конушунда жайгашкан. 1993-жылы ал эки топ болуп ачылган. Анда 3-5 жана 5-7 жаштагы балдар тарбияланчу. 2015-жылы конушта №82 орто мектептин курулушу аяктап, мектеп эски имаратын бала бакчага берген. Азыр бала бакчада 5 топ бар. Балдар 3 жаштан тартып кабыл алынат. Жалпы баланын саны 378. 4 топто сабак  кыргыз тилинде, ал эми бир топто орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Бакчада 10 тарбиячы кезектешип иштешет. Жалпысынан 24 кызматкер эмгектенет; тарбиячынын жардамчылары, ашпозчулар, медайым, орус тили мугалими, музыкант, чарба жетекчиси, күзөтчүлөр. Тайпада орто эсеп менен 80-90 бала бар. Кызматкерлердин эмгектери диплом,   мактоо баракчалары, райондук, коомдук, мамлекеттик сыйлыктар менен бааланган. Балдар аймактык жана шаардык иш чараларга жигердүү катышып турат.