ДОО №43 Дошкольная образовательная организация №43

Воспитательно-образовательный процесс

Бишкек шаарынын мэриясы Билим берүү башкармалыгы

№43 МЧББУ

Сабактын темасы:«Жомоктор дүйнөсүнө саякат»

Тарбиячы: Нарбекова Роза Кадырбаевна

Сабактын темасы:«Жомоктор дүйнөсүнө саякат».

Сабактын максаты:Бардык өтүлгөн сабактарда алган билимдерин бышыктоо.

Билим берүүчүлүк:

– өз Мекени жөнүндө билгендерин кайталоо;

– 5ке чейин алдыга жана артка саноо;

– 5ке чейинки сандарды таанып жана аларды буюмдар менен дал келтирүүсүн бышыктоо;

– буюмдарды салыштыруу;

– геометриялык фигураларды таанып-билүү жана атоо;

– салттуу эмес ыкма менен сүрөт тарттырууну калыптандыруу.

Интеллектуалдык өсүүсүн өнүктүрүүчүлүк:

– сөз байлыгын;

– байкагычтыгын;

– ой жүгүртүүсүн;

– эс тутумун;

– өз оюн айта билүүсүн.

Эстетикалык жактан өстүрүүчүлүк:

– күтүлбөгөн окуяны жагымдуу кабыл алуу;

– чыгармачылык менен биргелешип иштөөгө көнүктүрүү.

Тарбиялык мааниси:

– боорукерликке;

– жардамдашууга;

– достукка;

– чогуу иштөөгө.

Сабактын тиби: бышыктоо, кайталоо.

Сабактын формасы: жекече, топ аралык (аралаш).

Усулдук ыкма: уюштуруу, саламдашуу, аӊгемелешүү, күтүлбөгөнокуя,     табышмак, суроо-жооп, саякатка чыгуу, дидактикалык оюндар «Өз Мекениӊди бил, сүй», «Канча, сана», «Сандын кошунасын тап», «Сандарды ирээти менен кой»,боёктор менен иштөө, куштун куйругун кооздоо, бышыктоо, баалоо.

Колдонулган каражаттар: топ, 5 бозүй, 5 куурчак, 1-5ке чейинки сандар, геометриялык фигуралардын сүрөттөрү, куштун куйругундай кесилген кагаздар, нымдуу салфеткалар, калпакчалар, вата таякчалары.

Воспитательно-образовательный процесс       Воспитательно-образовательный процесс

Воспитательно-образовательный процесс

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ
БИЛИМ БЕРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫ
№43 МЧББУ

Сабактын темасы: «Жакшы бала-элпек, жаман бала-тентек»
Тарбиячы: Бейшенбаева А.Ш.
Сабактын максаты: Балдарды жакшы менен жаманды айрымалоого, көчөдө жана коомдук жайларда, маданий жүрүм-турумдун белгиленген эрежелерине ылайык өзүн алып жүрүүгө ойногон оюнчуктарына аяр мамиле жасоого, мээримдүүлүккө, адептүүлүккө, ыймандуулукка үйрөтүү.
Макал-лакаптардын тарбиялык маанисин түшүнө билүүгө тарбиялоо.
Краска менен иштөөдө өӊдөрдү туура тандай билүүгө, математика сабагында эсептерди чыгарууга, 1ден 20га чейин артка,алдыга саноо,чон,кичине,барабардык белгилерин айрымалай билүүнү бышыктоо.
Түстүү кагаздар менен иштөөгө көнүктүрүүнү бышыктоо.
Методикалык ыкма:Аӊгемелешүү,көрсөтүү, түшүндүрүү, жаӊы сөздөр менен тааныштыруу, саноо, балдардын жасаган иштерине көз салуу, балдар менен жекече иштөө.
Керектелүүчү материалдар: тоонун сүрөтү, сандар, тамгалар, Жез кемпирдин кийими, түстүү барактар, клей, боёктор, кыл калемдер.

Воспитательно-образовательный процесс     Воспитательно-образовательный процесс

Бишкек шаарынын мэриясы Билим берүү башкармалыгы

№43 МЧББУ

Сабактын темасы: “Коёнектер мейманда”

Тарбиячы: Бейшенбаева А.Ш.

Максаты: Ирээттик сан атоочтордун маанисин ачуу, 8 ге чейинки сандарды катары менен саноо машыгууларын улантуу;  Буюмдардын арасында узундугу боюнча катыштарды түзө билүү; Абстрактуу жана мейкиндиктик ой жүгүртүү, көз жүгүртүү менен эсептерди чыгарууну такшалтуу; Геометриялык фигураларды бышыктоо.

Пайдалануучу материалдар: коёнектер, сабиздер, геометриялык фигуралар, узундугу боюнча айырмаланган карагайлар, Кар Ханышасы.

Сабактын планы:  Уюштуруу, ангемелешүү, кыймылдуу тыныгуу, суроо-жооп.

 

Воспитательно-образовательный процесс     Воспитательно-образовательный процесс

Бишкек шаарынын мэриясы Билим берүү башкармалыгы

№43 МЧББУ

Сабактын темасы: “Алтын күз”

Тарбиячы: Сокеева Г.Ж.

Воспитательно-образовательный процесс     Воспитательно-образовательный процесс     Воспитательно-образовательный процесс   Воспитательно-образовательный процесс     Воспитательно-образовательный процесс